Футбол: Кыргызстандын аялдар курама командасы CAFA U-20 турниринде үчүнчү орунду алды
9-июндан 18-июнга чейин Душанбе шаарында өткөн CAFA Women’s Championship эл аралык чемпионатында Кыргызстандын аялдар улуттук курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Борбор Азиянын Футбол Ассоциациясынын райсмий баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Биринчи орун Өзбекстандын командасына, экинчи орун Иранга таандык. Дал ушул командалардан кыргызстандык коурама команда жеңилүү ызасын тарткан. Калган эки жолугушууда Тажикстан менен Афганистанды уткан.
Афганистандын курама командасы атайын сыйлык менен сыйланып, Тажикстандын командасы калыс оюну менен айырмаланды. Турнирдин мыкты бомбардири болуп жети гол киргизген Жасмина Абдуганиева (Өзбекстан), Негин Занди (Иран) мыкты оюнчу деп табылды.
Жалпысынан CAFA-2021 турнирине беш өлкө катышкан.
Добавить комментарий ×