Футбол: Кыргызстан улуттук курамасы Монголияга учуп кетти

11 октября 2019 23:51 9004 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Улан-Батор шаарына учуп кетти. 15-октябрда алар 2022-дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында Монголия курамасы менен кез келет. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында, 10-октябрда Мьянма менен беттешке чакырылган футболчулар толук курам менен кетишти.

Эске сала кетсек, Кыргызстан курамасы бул этапта Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен “F” тайпада күч сынашууда.

Улуттук курама кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Мьянма командасын кабыл алып, 7:0 эсебинде утуп жолго салган. 

 Үч турда эки беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча үчүнчү сапта келатат. Япония тизмеде көч баштап, алдыга чыкты. Экинчиде Тажикстан, Монголия төртүнчүдө, ал эми эки беттеште тең жеңилген Мьянма тайпада акыркы орунда калууда.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kyrgyzstan-uluttuk-kuramasy-mongoliyaga-uchup-ketti



Добавить комментарий