Футбол: Кыргызстан-Палестина тең чыкты
Поделиться в:
Кечээ, 6-сентябрда Кыргызстан-Палестина достук беттешинде жеңүүчү аныкталган жок.
Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Оюндун жүрүшүндө алгачкылардан болуп Мирлан Мурзаев кармаштын экинчи мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачса, Одай Дабагг 39-мүнөттө топту дарбазага киргизип эсепти теңеди.
Ал эми кийинки мүнөттөрдө эки команда тең гол киргизе алган жок. Натыйжада оюн 1:1 менен жыйынтыкталды. Эми биздин футболчулар 10-сентябрда Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн Бишкекте Сириянын курамасы менен кез келет.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kyrgyzstan-palestina-te-chykty
Добавить комментарий ×