Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Японияга учуп кетти, оюн 7-июнда башталат

2 июня 2021 13:04 2500 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 1-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына катышуу үчүн Японияга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирдет.

Маалымака ылайык,  Кыргызстандын улуттук футбол курама командаснын оюнчулары 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.

Эске салсак, 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндары Японияда өтөт. Кыргызстандын курама командасы Осака шаарында оюн көрсөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kurama-komanda-yaponiyaga-uchup-ketti-oyun-7-iyunda-bashtalat



Добавить комментарий