Футбол КПЛ. “Алай” 4 футболчуну команданан кетирди

4 октября 2019 21:55 3268 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасындагы Оштун “Алай” клубу 4 оюнчу менен келишимди токтотту.

Бул тууралуу “barometr.kg” сайтына оштук клубдун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматов билдирди. Бул кадам эмнеге байланыштуу экенин башкы машыктыруучу ачыктаган жок.

Өз ара келишимдин негизинде чакырылган Орбели Амбарцумян, Андрей Кравченко, Андрей Наполов жана Ислам Шамшиевдин келишими токтотулду. Бул “Алай” клубунун жетекчилигинин чечими менен болду.

Айта кетсек, Андрей Кравченко менен Андрей Наполов Орусиядан, Амбарцумян Армениянын Ереван клубунан келген. Ал эми Ислам Шамшиев “Алай”дын ар дайымкы атаандашы Бишкектин “Дордой” клубунан чакырылган болчу. Алардын айрымдарынын келишимдери 2020-жылга чейин түзүлгөн. Ага карабастан мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

“Алай” премьер-лиганын 23-турунан кийин 50 упай менен экинчи катарда келе жатат. Бишкектин “Дордой” клубу 23 оюндан 54 упай топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи сапка чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kpl-alaj-4-futbolchunu-komandanan-ketirdi



Добавить комментарий