Футбол күйѳрмандарына фан-зона ачылат

13 ноября 2019 13:40 1287 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын курамалары ортосундагы футболдук беттешти болот. Беттешти көрүүнү каалагандарга Бишкектеги эски аянтта атайын күйөрмандар зонасы уюштурулат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан маалымдашты.

 Маалыматтта,футбол күйөрмандарына  борбордук эски аянтта чоң экрандан оюнду түз эфирден көрсөтөт. Ошондой эле ал күнү шоу-программалар, сынактар жана башка оюндар уюштурулат.

Фан-зонанын ачылышы саат 15:15те. Ал эми  эки ѳлкѳнүн футболчуларынын  беттеши саат 17:15те болот.

Оюн 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлөт.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kjrmandaryna-fan-zona-achylat



Добавить комментарий