Футбол: Капитан Валерий Кичин бүгүн үйлөнүп жатат
Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин бүгүн үйлөндү. Валерий Кичин Алина Николайчук аттуу кызга үйлөнүп жатат. Prokksenia аттуу кыз үлпөт кийимчен эки жаш менен чогуу түшкөн сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, “сегодня гуляем свадьбу у @alina_nikolaychuk и @ki4in92”, - деп билдирүү калтырган.
Кыргызстан улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин менен Алина Николайчуктун үлпөт тоюн белгилөө салтанаты бүгүн Тажикстан - Кыргызстан курамаларынын дүйнө чемпионатына тандоо беттешине туш келди.
Эске сала кетсек улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин буга чейин маалымат жыйында курамда Кичин жоктугун, анын үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу бүгүнкү беттешке катыша албай турганын айткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kapitan-valerij-kichin-bgn-jlnp-zhatat
Добавить комментарий ×