Футбол: Эртең Кыргызстан менен Малайзия курамасы беттешет
Поделиться в:
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эртең Малайзия курамасы менен достук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, оюн МалАкка шаарында, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6.45те старт алат.
Белгилеп кетсек, кыргызстандык футболчулар оюн талаасына кызыл түстөгү форма менен чыкса, атаандаштар ак түстө болот.
Ал эми биздин кураманын беттеш алдындагы расмий машыгуусу бүгүн кечинде өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-erte-kyrgyzstan-menen-malajziya-kuramasy-betteshet
Добавить комментарий ×