Футбол. Чемпиондор Лигасы: Реал менен Тоттенхэм чейрек финалга бир кадам таштады
Европа футбол уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасы мелдешинин 1/8 финалдык баскычынын кезектеги оюндары өтүп, мелдештин учурдагы чемпиону Мадриддик Реал футбол талаасына чыкты. УЕФАнын расмий сайтында белгиленгендей, Реал Амстердамдык Аякска конокко барып 1-2 эсебинде жеңип кайтты.
Йохан Кройфф Арена стадионунда өткөн беттештин алгачкы голун Аякс футболчусу Николас Тальяфико киргизди. Бирок беттеш калысы видеобайкоонун жардамы менен голду жокко чыгарды. Экинчи бөлүктө Карим Бензема 60-мүнөттө эсеп ачып Реалды алдыга алып чыкса, 75-мүнөттө Хаким Зиех эсепти теңеди. Беттештин аяктаарына 3 мүнөт калганда Марко Асенсио гол киргизип, Реалдын жеңишин камсыздады.
Бул күндөгү дагы бир беттеш Англиянын айтылуу Уэмбли стадионунда өтүп, жергиликтүү Тоттенхэм Дортмунддук Боруссияны 3-0 эсебинде утту. УЕФАнын расмий сайты кабарлагандай, голдорду Сон Хын Мин, Ян Вертонген жана Фернандо Льоренте киргизген.
Мунун менен Тоттенхэм чейрек финалдык орунду дээрлик колго кийиргенин адистер айтышат.
Добавить комментарий ×