Футбол боюнча Испания чемпионаты 11-июнда көрүүчүлөрсүз өтөт
Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги сезондун жаңыланышы менен футбол күйөрмандарын оюнга катышууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо тармагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Фернандо Симон билдирди.
Пандемиянын күч алышына байланыштуу токтотулган Испания Чемпионаты март айынан 11-июнга жылдырылган, бирок күйөрмандар бул оюнга катыша албайт.
Пандемиянын үчүнчү этабына 8-июнда кирүү менен Испаниянын аймактарында футбол оюндарына катышууга мүмкүн болоорун, бирок бул спорттук принциптерге карата туура келбей калуусун Ф. Симон белгиледи.
Бул тууралуу чечим Испаниянын Саламаттык сактоо жана Дене тарбия министрлиги, «Ла Лига», «Барселона» жана «Атлетико» футбол клубдарынын 4 оюнчусу катышкан онлайн жолугушууда белгилүү болду. Жыйынтыгында күйөрмандарга коюлган чектөө убактылуу калтырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-boyuncha-ispaniya-chempionaty-11-iyunda-krchlrsz-tt
Добавить комментарий ×