Футбол: 2023-жылдагы Азия чемпионатын Кытай өткөрөт

6 июня 2019 18:10 1522 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол боюнча 2023-жылдагы Азия Кубогу Кытайда өтөт. Мындай чечим кечээ Азия футбол конфедерациясынын конгрессинде кабыл алынды. Кытай өлкөсүнүн талапкерлиги конгресстин катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоого алынган. Ага Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчилиги да катышты.Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Эми 15 жылдан соң футбол боюнча Азия Кубогу мелдеши кайрадан Кытайда өтөт.

Кыргызстандын улуттук курамасы өз тарыхында алгачкы жолу 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия чемпионатына катышып, 1/8 финалына чейин жеткен.

Азия Кубогуна жана 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндары Кыргызстандын курамасы үчүн күзүндө башталат. Тандоо турундагы атаандаштар 17-июлда өтүүчү чүчүкулак таштоо салтанатынан кийин маалым болот.

Кыргызстан курамасы буга карата даярдыгын баштады. Анын алкагында Александр Крестинин башында турган улуттук курама 11-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Палестина курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-2023-zhyldagy-aziya-chempionatyn-kytaj-tkrt



Добавить комментарий