Фрунзе соода түйүнү кантип элди алдап жатат? Ошто супермаркеттин айнегин талкалашты

6 февраля 2019 17:16 2024 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Оштогу "Фрунзе" гипермаркетинин алдыңкы бетиндеги айнек-терезесин сатып алуучулар талкалап салышты. Фейсбуктагы "Оштуктар"  группасына  Алтынбек Кадыров аттуу колдонуучу окуя болгон жердеги видеону жайгаштырган. Анда көрүнүп тургандай, адамдардын тобу идиш-аяктарды алууга шашылып, соода дүкөнүнүн кире беришинде түртүшүп жатып, айнек эшикти талкалап салышты. Буга карабай элдер супермаркеттин ичине агылып кирип жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Фрунзе соода борбору Бишкектеги айрым соода түйүндөрүндө дагы жеңилдетүүлөр болуп жаткандыгын айтып, борбор калаадагы элди дүрбөткөн. Биринчи күнү чыны менен бир аз товарларды сатканы менен, кийинки күндөрү дүрбөгөн эл эч кандай жеңилдетүү жок экендигин көрүшүп нааразы болушкан. 

Бул тууралуу атын атагысы келбеген кардар буларды билдирди: "Фрунзенин кызматкерлери эртең келиңиздер, эртең менен арзан баада товар түшөт деген эле, эртеси таң атпай барсак, товар эмес эчтеке жок. Жөн эле элди алдап, кардарларды тартуунун жолу экен. Мынчалыкка барбай эле ачыгын айтышса болмок"-деп нааразычылыгын билдирди. 

Дагы бир сатып алып жаткан кардар: "Жумушумдан таң атпай суранып келгем, эртең келиңиз деп алдабай эле коюшса болмок экен, мени тартпаңыз, чыгарбаңыз"-деди баалары өз баасында сатылып жаткан идиштерди кайра ордуна коюп жатып. 

Ал эми бул боюнча соода борбордун жетекчилиги менен байланышууга аракет кылганыбызда, алар жооп берүүдөн баш тартышты. 


Ссылка: https://barometr.kg/frunze-sooda-tjn-kantip-eldi-aldap-zhatat-oshto-supermarkettin-ajnegin-talkalashty



Добавить комментарий