"Франкфурттук жана Майне". Мирлан Бакиров депутаттарды кыраан күлкүгө салды. Видео
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын айта албай, депутаттарды кыраан күлкүгө салды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-январда, парламент “2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда караган.
Бакиров аталган мыйзам долбоорун окуп жатып, Франкфурт-на-Майне шаарын Франкфурттук жана Майне деп окуду. Муну уккан депутаттар күлкүсүн тыя албай, бышкырып да алышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Франкфурт-на-Майне шаарын төрага Дастан Жумабеков эки жолу туура эмес окуп, ал интернет колдонуучулары арасында шакабага айланган.
Ссылка: https://barometr.kg/frankfurttuk-zhana-majne-mirlan-bakirov-deputattardy-kyraan-klkg-saldy-video
Добавить комментарий ×