Франция экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

16 июля 2018 17:00 1348 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Москвадагы "Лужники" стадионунда өткөн финалдык оюнда Франция Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды. Кырчылдаган кыл чайнаш оюнда эки команда тең жандарын үрөп жеңилбегенге аракет кылышты. Оюндун 18-мүнөтүндө Бельгия өзүнүн дарбазасына "автогол" башкача айтканда өзүнө топ киргизип алды. Андан көп өтпөй 28-мүнөттө хорватиялык Иван аттуу оюнчу эсепти теңеди. Командалар тең тайлашып, Хорватия чабуул жасап жатты. Бирок оюндун 38-мүнөтундө пенальти тээп кайрадан Франция алдыга озуп чыкты. Мындан соң Франциялыктар эки жолу катары менен топ киргизип, эсепти 3:1 кылышты. Хорватия курам командасы дагы оңой эле жеңилип бергиси келген жок. Бирок, жыйынтыгында 4:2 эсеби менен франция дүйнөгө экинчи жолу чемпион болду. 

Эске салсак, Франция 1998-жылы Бразилия менен беттешип, дүйнө чемпиону болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/franciya-ekinchi-zholu-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий