Фото.Түштүк магистралда 18 жаштагы кыз айдаган унаа үрөйдү учурган кырсыкка кабылды
Бишкектин Түштүк магистралында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Жол кырсыгы өткөн түнү саат 2:00дөр чамасында Түштүк магистралда "Ала-Тоо" ресторанынын жанында болгон. 18 жаштагы К. кызы А. рулду башкара албай калып, ал айдап бара жаткан "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа тосмого барып урунган. Соккудан унаадан жалын чыгып толук бойдон күйүп кеткен.
Айдоочу К. кызы А жана жүргүнчү С. А. ооруканага жеткирилди.
Бул факты боюнча териштирүу башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча унаа катуу ылдамдыкта келе жатканы айтылууда.
Добавить комментарий ×