Фоторепортаж. Азия кубогу-2019 оюнунда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков келди

16 января 2019 23:38 2850 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Дубайда өтүп жаткан Азия кубогу-2019 оюнунда Кыргызстан курама командасына күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков келди. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын кабарчысы жеринен билдирди.

Дубайда иштеген мекендештерибиз Кыргызстандын жеңишин майрамдоо менен бирге ырчы менен селфи кылганга дагы үлгүрүшкөн. Белгилүү болгондой, бүгүнкү 16-январдагы оюнда Кыргызстан курама командасы Филиппин курама командасын 3:1 эсебинде утуп алган. 

Эске салсак, ырчы Мирбек Атабеков үй-бүлөсүн алып, жакындары жана сахналаш айрым достору менен учурда Дубайда эс алып жүрөт. 


Ссылка: https://barometr.kg/fotoreportazh-aziya-kubogu-2019-oyununda-kjrman-bolup-yrchy-mirbek-atabekov-keldi



Добавить комментарий