Фоторепортаж. Абылгазиев Ташкентте ШКУнун жыйынына катышууда
Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.
Белгилей кетсек, Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар маанилүү маселелер белгиленген.
Тар жана кеңири курамда өтө турган жыйындын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюу пландалган.
Маалымдама: Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. 2001-жылы 15-июнда Шанхайда (Кытай Эл Республикасы) Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы тарабынан негизделген.
Ошентип, учурда 8 өлкө ШКУга мүчө мамлекеттер болуп саналышат, алар – Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы.
Төрт өлкө ШКУ алдында байкоочу-мамлекет статусуна ээ – Афганистан Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия.
Дагы алты өлкө ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөр болуп саналышат: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Камбоджа Королдугу, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Түркия Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы.
Ссылка: https://barometr.kg/fotoreportazh-abylgaziev-tashkentte-shkunun-zhyjynyna-katyshuuda
Добавить комментарий ×