Фото, видео. Ырчы Анжелика Кайратова жаңы клиптердин бет ачарын өткөрдү

27 апреля 2019 17:35 7371 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 27-апрелде Бишкектеги “Asia mall” соода борборунда белгилүү ырчы, теле алып баруучу Анжелика Кайратова   сегиз клиптин бет ачаарын өткөрдү.  

Иш-чаранын ачылышында биринчи болуп көрүүчүлөргө Анжелика Кайратова менен  теле алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын “Шопинг” аттуу клиби тартууланды. Бул клиптин режиссеру Бейпил Маманов болуп эсептелет.

Андан соң “Teens star” тобунун “Алга” деп аталган клибин көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты. Ошондой эле ырчынын “Эне”, “Музыка” деп аталган клиптери да көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.

Режиссер Эрнис Сыдыков тарткан, Анжелика тарабынан аткарылган “Айта берем” аттуу клип аны көптөн бери күтүп жаткан күйөрмандар үчүн кызык болду. Аталган клипти февраль айында Алмата шаарынан тартышкан.

Клиптерди тааныштыруу маалында кызыктуу оюндар ойнотулуп, ырчынын кызыл костюму сыйлык катары берилди.

Жумагүл Райымжан кызы менен Анжеликанын “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайт” клиби дагы дагы бул иш-чарада  тартууланды.

 “Kids star” тобу “Жомоктой жаша деген клибин сунуштады. Анжеликанын продакшнстудиясынын клиби да көрсөтүлдү

Келген конокторго эки сааттык концерттик программа сунушталып, мыкты кондитерлерден таттуулар таратылып, таанымал бреддерден кийим жана косметикалар белекке берилди. Chic fashionbrandдан мода көргөзмөсү өткөрүлдү.  


Ссылка: https://barometr.kg/foto-videoyrchy-anzhelika-kajratova-zhay-klipterdin-bet-acharyn-tkrd



Добавить комментарий