Фото: түрмөгө тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө кантип аракет кылышат

8 мая 2019 22:10 6342 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан түзөтүү абактарынын аймагына жана тергөө абагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүнү токтотуу боюнча иштерди дайыма жүргүзүп турат.

ЖАМКдан кабарлашкандай, буга карабай жарандар тарабынан абакта жаткандарга тыюу салынган буюмдарды берүү фактылары кездешүүдө.

Алып кирүү ар кандай жолдор менен мисалы:

- азык-түлүктөр аркылуу;

- накта ширелердин ичине;

- бут кийимдердин такаларына жана тамандарына;

- чийки эттин ичине;

- ири мүйүздүү жана майда малдын ичине;

- туалет буюмдарынын ичине;

- жемиштердин ичинде, спирт ичимдиктеринин ичине жашыруу менен ташылат.  

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-кварталында ЖАМКнын мекемелерине 5 475 тинтүү жүргүзүлүп, 130 миң сомдой акча, 638 уюлдук телефондор, 426 саючу жана кесүүчү предметтер жана 5 килограммадан ашык баңгизаттар алынды. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/foto-trmg-tyyuu-salyngan-buyumdardy-alyp-kirg-kantip-araket-kylyshat



Добавить комментарий