Фото. Мурат Суталинов темир тордун артынан жубайы менен саламдашты

11 апреля 2019 14:51 11548 Barometr
Поделиться в:
ok

Дария Суталинова социалдык түйүнгө атасы, УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталиновдун жубайына темир тор артынан саламдашып жактан сүрөтүн жарыялады. Бул сүрөт социалдык түйүндүн колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды.   

Комментарийлерде колдонуучулар эки тарапка бөлүнгөн жубайлардын сезимдерин белгилешип, мурдагы УКМК башчысы эртерээк абактан бошосо экен дегени тилектерин айтып жатышат.

Эскерте кетсек, 2010-жылы Суталиновду апрель окуяларында адамдарды массалык өлтүрүүгө катыштыгы бар деп 20 жылга абакка кесишкен. Абакта жаткан учурда анда акыркы стадиядагы рак оорусу бар экенин аныкташкан.

2019-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Суталиновду бошотуу боюнча өтүнүчтү канаттандыруудан баш тарткан.

Азыркы учурда Бишкек шаардык сотунун алдында Суталиновдун тарапташтары  аны бошотууну сурап митигге чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/foto-murat-sutalinov-temir-tordun-artynan-zhubajy-menen-salamdashty



Добавить комментарий