Фото. Гульнара Каримова кандай байлыкка ээ экенин жарыялашты

12 марта 2019 10:14 5115 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Өзбекстандын басылмаларынын биринчи бетине кайрадан маркум президент Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримова тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. “Ачык Азия” булагы Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматтарынын негизинде дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан Каримованын кыймылсыз мүлктөрү менен активдери тууралуу  жазып чыкты.  

Алар:

Лондондогу 25, Chesham street дарегинде жайгашкан үйдүн биринчи, үчүнчү, төртүнчү кабаттары.

Гонконгдогу 80A, Moon Tower, The Arch, 1 Austin Road West, Kowloon дарегинде жайгашкан “Арка” турак жай комплексиндеги пентхаус.

Бириккен араб эмирликтериндеги  JUMEIRAH ZABEEL SARAY комплексинде жайгашкан №31 жана №33 виллалар. Алар 36,9 миллион долларга сатылып алынган.

Дубайдагы Bonnington, Jumeirah Lakes Towers элиталык комплекстеги №№ 4001, 4002, 4003 үч пентхаус.   

The PALM JUMEIRAH аралындагы баасы  13,1 миллион долларлык жер участогу.   

DAMAC HEIGTS үйүндөгү эки квартира   

Париждеги 30 миллион еврого алынган шаар четиндеги үй (шато)   

Парижде 30 миллион еврого алынган квартира 

Сан-Тропедеги вилла, баасы 2,5 миллион евро.

Франциядагы дагы бир вилла.

Ошондой эле Швейцариядагы бир вилла, Россиядагы  жалпы саны төрт квартиралар менен үйлөр, Крымдагы пансионат жана Ялтадагы мейманкана, мындан тышкары Өзбекстандагы Гульнгара Каримованын резиденциясы ага таандык болуп көрсөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/foto-gulnara-karimova-kandaj-bajlykka-ee-ekenin-zharyyalashty



Добавить комментарий