Фото. Асель Кадырбекованын жатак бөлмөсүнүн ортосундагы "труба" талкууга түштү

29 мая 2019 11:59 26983 6 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

"Эл оозунда элек жок" деген сөздүн чын экенин элдин өзү кайра-кайра далилдеп келет. Адамдар өздөрү жөн турган жерден жакшы кишини оорукчан же болбосо таза нерсени кир кылып коюшу мүмкүн. Мындай адамдардын катарын жылдыздуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын инстаграм баракчасындагы айрым катталуучулары да толуктайт.

Асел Кадырбекова өзүнүн жөн гана өзүнүн жатак бөлмөсүнөн түшкөн сүрөтү менен бөлүшөөрү менен хейтерлер терс маанидеги түрдүү пикирлерди калтырып ар тараптуу сынга алууга өтүштү.

Талкуу жараткан нерсе сүрөттө бөлмөнүн ортосундагы “труба” себеп болгон. Тактап айта турган болсок бөлмөдөгу труба сыяктуу болуп көрүнгөн нерсе негизи кийим салуучу шкафтын эшиктери кошулган жер.

Бирок көпчүлүк аны “труба” деп кабыл алып “ортодогу жакты” “трубаны неге ортого койгонсуңар” “узун труба неге коюлган, Асель бийлейби?” деген өңдүү одоно сулоолорду жазып калтырышты. Албетте баарын туура тушүнгөндөр ал “труба эмес” экенин түшүндүрүп беришти.

Айрымдар таптакыр эле Асель кызынын жатуучу манежин кондиционердин астына коюп койгонуна таң калып, акыл айтып кеңеш берүүгө өтүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/foto-asel-kadyrbekovanyn-zhatak-blmsnn-ortosundagy-truba-talkuuga-tsht



Добавить комментарий