Фото. Адамдын этин жегенден тажап кеткен киши өз ыктыяры менен полицияга келди
Түштүк Африканын Исткотт айылынын тургуну полицияга келип «Мен тамакка адамдын этин кошуп жегенден тажадым”,-деп арызданган. Бул тууралуу news.com сайты жазды.
Алгач полициялар бул адам адашып баңгизатын чегип алган деп шектенишкен. Бирок анын сумкасынан адамдын денесинин айрым бөлүктөрүн, колу-бутун табышкан.
Бул адам каннибал коомчулугунан экенин, алардын айылында тургундардын үчтөн бир бөлүгү адам этин жеп жүргөнү белгилүү болду.
Полиция анын үйүн тинткенде адамдын дене бөлүктөрү табылды.
Мындай кабардан кийин жергиликтүү тургундар муниципалитеттин имаратынын алдына чогулушту. Көрсө Түштүк Африкада каннибализмге расмий түрдө тыюу салынбаптыр. Болгону 1983-жылы адамдын дене бөлүктөрүн уруксатсыз сактоого тыюу салынган.
Бул окуядан кийин айыл кеңештин жетекчиси Митмбенни Майола жергиликтүү тургундарды тынчытуу аракетин көрдү. Бирок 300дөй адамдын ичинен көбү билип туруп адамдын этин жеп көргөнүн айтканда таң калган.
Добавить комментарий ×