"Форумдун" алдына Атамбаевдин тарапташтары митинге чыгышты

9 октября 2020 15:17 907 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин “Форум” имаратынын алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатат.

Чогулган эл алдына Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана мурдагы саясатчы Өмүрбек Бабанов чыкты.

Учурда имараттын алдында үч миңдей адам чогулуп турат. Чогулгандардын арасында Асел Кодуранова, Равшан Жээнбековдор бар.

Митинге чогулгандар Жээнбеков-Матраимов кланынын кадрлары кетсин деген талап коюуп жатат.

Митингчилерге Өмүрбек Бабановдун да тарапташтары келип кошулганы маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/forumdun-aldyna-atambaevdin-taraptashtary-mitinge-chygyshty



Добавить комментарий