Forbes эң жогорку акы төлөнүүчү спортчулардын тизмесин жарыялады

12 июня 2019 12:59 1076 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын Forbes журналы эң жогорку акы төлөнүүчү 100 спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу журналдын расмий сайты жарыялады. Маалыматка ылайык  биринчи жолу тизменин башында 3 футболчу жер алды.

Рейтинг башында аргентиналык футболчу, “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси турат. Анын жылдык кирешеси 127 миллион доллар. Экинчи орунда атаандашы  Криштиану Роналду -109 миллион киреше тапкан. Ал эми үчүнчү орунда бразилиялык футболчу, "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Неймар – жылдык кирешеси 105 миллион доллар.

Тизменин алдыңкы 10чулары төмөнкүдөй:

1. Лионель Месси (Аргентина, футбол) - 127 миллион доллар доллар

2. Криштиану Роналду (Португалия, футбол) - 109 млн

3. Неймар (Бразилия, футбол) - 105 млн

4. Сауль Альварес (Мексика, бокс) - 94 млн

5. Роджер Федерер (Швейцария, теннис) - 93,4 млн

6. Рассел Уилсон (АКШ, америка футболу) - 89,5 млн

7. Аарон Роджерс (АКШ, америка футболу) -  89,3 млн

8. Леброн Джеймс (АКШ, баскетбол) - 89 млн

9. Стефен Карри (АКШ, баскетбол) - 79,8 млн

10. Кевин Дюрант (АКШ, баскетбол) - 65,4 млн

Ссылка: https://barometr.kg/forbes-e-zhogorku-aky-tlnch-sportchulardyn-tizmesin-zharyyalady



Добавить комментарий