Фирма бир сутка “ужас” кино көрүп бергендерге 2400 доллар төлөп берет
Даректүү тасмалардын кызматы паранормалдык көрүнүштөр тууралуу даректүү тасмаларды 24 саат бою көрүүнү каалаган ыктыярчыларга акча төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
MagellanTV- даректүү тасмалардын кызматы ыктыярчыларга кошумча акча таап алууну сунуштоодо. Катышуучуларга саатына 100 доллардан, ал эми 24 саатка 2400 доллар берилет. Катышуучулар бир нече паранормалдык шоу көрүп, андан соң алар тууралуу социалдык тармактарга айтып берүүлөрү керек.
Тасмалардын арасында «Менин апам инопланетяндар менен сүйлөшөт» , «Инопляненянин алып кеткен кишинин окуясы» , «Бугимен: монстрлар арабызда» жана жана башка тасмалар бар.
Ссылка: https://barometr.kg/firma-bir-sutka-uzhas-kino-krp-bergenderge-2400-dollar-tlp-beret
Добавить комментарий ×