Финпол: Бишкек-Ош автожолундагы коррупцияга байланыштуу 12 кызматкер кармалды. Алардын арасында жетекчилер да бар

11 июня 2020 14:31 1017 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош автожолундагы коррупцияга байланыштуу 12 кызматкер кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Маалыматка ылайык,  Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу бөлүмдөрдө “масштабдуу коррупциялык схема” аныкталып, дирекциянын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары колго түшүрүлдү.

“Бүгүнкү күндө бул иш алкагында коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды. Баштапкы эсептөөгө караганда, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп аныкталды”- деп айтылат маалыматта.

Учурда жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2 жыл аралыгында  коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 млрд 424 млн 379 миң сомду түзгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/finpol-transport-zhana-zholdor-ministrliginin-bishkek-osh-avtozholundagy-korrupciyaga-bajlanyshtuu-12-kyzmatkeri-karmaldy-alardyn-arasynda-zhetekchiler-da-bar



Добавить комментарий