Финпол: Элдик кошуундун жардамы менен имаратты коргоп калдык (видео)
Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (каржы полициясы) кайрадан мурдагыдай иштеп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Акыркы бир нече күндүн ичинде бизге катуу кысым көрсөтүлдү, айрым кызыкдар адамдар, өз кызыкчылыгын мамлекеттин стабилдүүлүгүнөн бийик коюп, ар кандай провокацияларды жасашты. Имаратка күч менен кирүүгө аракет кылышты, кызматкерлерге жана жетекчиликке каршы уят сөздөрдү айтып, мушташып, урушуп жатышты. Кызматкерлер тарапка таш ыргытышты.
Бирок, финполдун жетекчилиги жана өздүк курамы, элдик күзөтчүлөр менен биргеликте, өз имаратын коргоого жетишти. Чагымчыл күчтөр жеке кылмыш иштерин тергөө процессине таасир этүү жолу менен (кылмышка далилдүү боюмдарды, документтерди ) жок кылуу аракетин көрүп, өздөрүнө ыңгайлуу болгон адамды жетекчиликке алып келүүнү көздөштү.
Элдик кошуунга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, алардын жардамы менен ээнбаштыкты токтото алдык”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×