Финпол мамлекетке зыян келтирген ишканалардан 289 млн сом казынага түшүрдү
Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке дагы ири суммадагы акчаны өндүрдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Финансы полициясы “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” КРын Мыйзамынан, өлкө жетекчилигинин жарлыктарынан, КРнын коопсуздук кеңешинин чечимдеринен келип чыккан талаптарга ылайык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатат.
Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧК карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөө Финансы полициядөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллиондон көп сом өндүрүлгөн.
Азыркы убакта, КРнын Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат.
Добавить комментарий ×