Финансы министри коронавируска бөлүнгөн каражат кайда кеткенин айтты
Эл аралык валюта фондунун жана Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн каражаттар каяка жумшалганы айтылды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрине шилтеме берип «Барометр» билдирет.
2020-жылдын апрель-май айларынын ичинде Эл аралык валюта фондунун (I транш) эсебинен жүргүзүлгөн чыгымдар республикалык бюджеттен 9 765,8 млн сом суммада чыгашалар жүргүзүлдү", - деп билдирди Финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.
«Анда эмгек акы төлөөгө – 4 115,5 млн сом, социалдык муктаждык төгүмдөргө – 498,5 млн сом, социалдык фондго трансферттер – 2 131,3 млн сом, милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун трансферттерине – 1 310 млн сом, теңдөө трансферттерине – 160,8 млн сомо (МӨБ органдарынын айлык акысы), калкты социалдык камсыздоо жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулга – 1 102,9 млн сом, медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 106,3 млн. сом, стратегиялык кам көрүүлөргө (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан данды сатып алууга)– 240,1 млн сом, COVID-19 менен күрөшүү максатында оор турмуштук кырдаалга кабылган калк үчүн социалдык коргоо органдарына каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга – 100,4 млн сом», - бөлүндү деп айтылат маалыматта.
Ал эми Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамы бюджетти колдоого берилген, 10-июнда КР ФМ Борбордук казыналыгынын эсептерине түшүп, 3 743,8 млн сом суммасында бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган.
«Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 3 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланган, анын ичинде: эмгек акы төлөөгө багытталган сумма - 2 859 млн сом, социалдык муктаждыктарга төгүмдөр үчүн – 362,2 млн сом, социалдык жактан камсыз кылуу жана калкка социалдык жардам көрсөтүүгө – 67,6 млн сом, ММКФга которууга – 455 млн сом которулду», - деди Жеенбаева.
«Бүгүнкү күндө бардык келип түшкөн каражаттар өз орду менен сарпталып жатат. Биз сарпталган чыгымдар тууралуу толук жана ачык маалымат берүүгө даярбыз. Маалымат биздин расмий сайтка дагы жайгаштырылат», - деп кошумчалады ал.
Ссылка: https://barometr.kg/finansy-ministri-koronaviruska-blngn-karazhat-kayaka-ketkenin-ajtty
Добавить комментарий ×