Философия илимдеринин доктору, профессор Теңдик Аскаров 82 жаш курагында каза болду
Кыргыз коомчулугу оор жоготуугу учурады. Бүгүн 82 жаш курагында философия илимдеринин доктору, профессор Теңдик Аскаров каза болду. Бул тууралуу кабарды бүгүн 4-мартта Barometr.kg сайтына маркумдун жакындары билдирди.
Теңдик Аскаров 1937-жылы 18-декабрда азыркы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулуп-өскөн. 1960-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1960-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын философия Институтунун аспирантурасына кабыл алынат. 1963-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, 1967-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, бир эле учурда 1967–1969-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде пропаганда жана үгүт, 1969–1971-жылдары маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1971–1986-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын биринчи катчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле Москва шаарында СССРдин жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы кызматын аркалаган.
1971–1988-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советине 8-9-10-11-чакырылышына 4 жолу депутат болуп шайланган. 1980–1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1986-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы болуп иштеген. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы, 2000-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.
1964-жылы «Адабияттагы көркөм шарттуулуктун эстетикалык жаратылышы» -деген темада философия илиминде кандидаттык жана 1993-жылы «Адабий процессти философиялык талдоо» -деген темада докторлук диссертациясын жактаган.
Теңдик Аскаров «Элдердин достугу», «Ардак Белгиси» ордендери жана «Даңк» медалы менен сыйланган.
«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамына татыган. Улуттук илимдер академиясынын Ардак Грамотасы менен эки жолу сыйланган. Теңдик Аскаровдун илимий-публикациясы 400дөн ашуун илимий жана илимий-публицистикалык эмгектерден, анын ичинде 16 монографиядан турат.
Barometr.kg сайтынын жамааты маркум Теңдик Аскаровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Добавить комментарий ×