Филипп Киркоров плагиат үчүн 4 225 520 АКШ долларын төлөөгө милдеттендирилди

19 март 2019 09:00 1908 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Россиянын көрүнүктүү ырчыларынын бири Флипп Киркоровду плагиат кылгандыгы үчүн сотко беришти. Бул тууралуу маалыматты Lenta.ru басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Киркоровду бир француз композитору Дидье Маруанинин "Symphonic Space Dream" чыгармасынан бир канча элементин уурдагандыгы үчүн сотко берген. Келтирилген зыян үчүн ал 272 000 000 рубль же болбосо 4 225 520 АКШ долларын төлөөгө милдеттендирилген.

Филипп Киркоровду аталган сумманы төлөөгө милдеттендирген ыр анын "Жестокая любовь" чыгармасы.

Чыгарманын ээси анын автордук укуктары бузулгандыгын жана аны Киркоров жалгыз эмес, композитор Егор Попков менен чогуу болгондугун билдирген.

Ал эми Киркоров бул тууралуу эч кандай комментарий бере элек.


Ссылка: https://barometr.kg/filipp-kirkorov-plagiat-chn-4-225-520-aksh-dollaryn-tlg-mildettendirildi



Добавить комментарий