Филармониянын алдына манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги орнотулат

10 июня 2019 14:54 1183 Barometr
Поделиться в:
ok

Эртең, 11-июнда саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын бюстунун ачылышы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Манасчынын эстелиги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы «Манас» архитектуралык спорттук комплексине коюлат.

Эскерте кетсек, Жусуп Мамай уулу 1916-жылы туулган,  кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы - 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер. 2014-жылы каза тапкан. Ошол эле жылы ага Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам да ыйгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/filarmoniyanyn-aldyna-manaschy-zhusup-mamajdyn-esteligi-ornotulat



Добавить комментарий