Фигурист Евгений Плющенко жер титиреген Осака шаарында баласы менен болгон

19 июня 2018 19:25 1909 Barometr
Поделиться в:
ok

Продюсер  Яна Рудковская жана фигурист Евгений Плющенко  жер титирөө учурунда  Япониянын Осака шаарында болушкан. Бул тууралуу Rambler.ru маалымат агенттиги жазды. Алар эртең менен уктап жатканда мейманканын дубалдары кыймылдап, сирена үнүн угуп сыртка чыгышкан. Лифтер иштебей, элдердин коркуп чуркап жургөндөрүн көрүшкөн. Эмне болуп жаткандыгын түшүнгөн эмес. 

Плющенко уулу менен Осакада өтө турчу Fantasy on Ice деген аталыштагы  муз шоусуна катышмак. Жолдор кулап, транспорттор жүрбөй калгандыгына байланыштуу бара турган жерлерине жете албай калышкан. 

Жергиликтүү элдин айтымында Осака аймагында мындай катуу жер титирөө биринчи жолу болуп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/figurist-evgenij-plyushenko-zher-titiregen-osaka-shaarynda-balasy-menen-bolgon



Добавить комментарий