Кулов: Чехияда төрт жылдыздуу мейманканам жок

22 декабря 2020 14:26 2094 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү саясатчы, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун чет өлкөдө төрт жылдыздуу мейманканасы бар делген маалыматка жооп берди. Бул тууралуу Куловдун фейсбук баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Соцтармакта Куловдун Чехиянын Карловы Вары шаарында жайгашкан баасы 3-4 миллион евро турган мейманканасы бар экени айтылган.

Ага утурлай эле,  бул билдирүүлөргө Феликс Кулов соцтармак аркылуу жооп кайтарды.

"Мындай учурларда эл арасында "Болсун!" деп айтышат. Качандыр бир кезде мен дагы мындай престиждүү мүлккө ээ болуп калам деп үмүттөнөм. Ал эми азыркы тапта каалоочулар арасында кайрымдуулук акциясын өткөрүүнү чечтим. Менин атыман документ даярдап, өз наамына өткөрүп алууну каалагандар болсо, дароо кол коюп берем. Ал эми батир тууралуу айта кетсем. Анын баасы Бишкектеги батирдин баасынан төмөн. Ал менин экинчи аялым жана анын сиңдиси экөө тарабынан сатып алынган. Алар жеке ишкерлик менен 20 жылдан ашуун алектенишет. Экинчи жубайым мени менен таанышканга чейин эле "Ар-Намыс" партиясынын мүчөсү болгон. Жубайым эч качан мамлекеттик жумушта иштеген эмес", - деп жазды Кулов.

Ссылка: https://barometr.kg/feliks-kulovdun-chehiyada-kymbat-baaluu-mejmankanasy-barby-kulovdun-zhoobu



Добавить комментарий