Феликс Кулов экс-президент Атамбаевдин күзөтү тууралуу эмне деди?

28 июня 2019 19:24 3333 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Коомдук жана саясий ишмер Феликс Кулов Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы жана анын күзөт кызматы тууралуу өзүнүн пикирин бөлүштү.

“Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткандан кийин УКМК анын күзөт кызматын алып гана тим болбой тескерисинче аны күчөтүү зарыл экенин айтты. Буга байланыштуу мындай жагдайдын укуктук ченеми тууралуу маселе келип чыкты, анткени экс-президент макамынан ажыраткандан кийин анда мыйзам боюнча каралаган баардык материалдык, укуктук жана башка мүнөздөгү кепилдиктер токтотулушу керек болчу. Мурда аталган атайын кызматта иштеген жетекчи катары бул суроого жооп берүүмдү суранышты.

Дароо эле белгилеп кетүүчү жагдай “КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн жана КРнын экс-президентинин статусунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамында юристтердин бир беткей эмес түшүнүктөрүн пайда кылган бир нече учурлар бар. Экс-президент наамы өмүр бою берилет ( 2-бөлүк, 11-берене), бирок Жогорку Кеңештин чечиминин айрым процедураларын сактоодо алынып салынышы мүмкүн ( 6-бөлүк, 12-берене). Бирок бул мыйзамда наамды алып салганда мурдагы президент үчүн баардык берилген кепилдиктер автоматтык түрдө токтотулат деп айтылган эмес. Калган кепилдиктер,  анын ичинде күзөт мыйзамга ылайык эки учурда токтотулат. Биринчиден: 3-бөлүмдүн, 13-беренесине ылайык, бул “Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин” ишке ашат. (Бул пунктка көңүл бурбай коюуга болбойт, анткени бул жерде кандайдыр бир коллизия келип чыгат: бир тараптан Жогорку Кеңеш адамды экс-президент наамынан ажыратуу чечимин кабыл алды, экинчи жагынан ал дагы деле сотто дагы айыпталуучу болуп туруп экс-президент деп аталууда).

Экинчиден, баардык кепилдиктерди, материалдык жана башка камсыздоолорду токтотуу ( 3-4-бөлүктөр, 11-берене)   КРнын президентинин актысынын негизинде ишке ашуусу ыктымал, бул эгерде экс-президент мамлекеттик кызматка кайтып келгиси келсе же саясий партиянын жетекчилигине баргысы келгенде токтотулат. 

Мындай жол менен аталган мыйзамда келтирилген нормаларга ылайык экс-президент наамынан ажыратуу анын кепилдиктеринен автоматтык түрдө токтотууга алып келбейт жана ушундан улам УКМКнын күзөттү албаганы мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарууга болот. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн бир беткей эмес түшүнүктү пайда кылган коллизия ар кандай талкууну жок кылыш үчүн өзүнүн мыйзамдын жактан оңдолушун талап кылат.

Ссылка: https://barometr.kg/feliks-kulov-eks-prezident-atambaevdin-kzt-tuuraluu-emne-dedi



Добавить комментарий

  • АША ны азыр кузот кызматы кайтарбай эле эл кайтарып жатат, кузот кызматкерлеи бийликтин тынчылык кызматын аткарып жатат, муну 5 класстын окуучусу айтат.