Facebook компаниясы кийинки аптада атын өзгөртөт

20 октября 2021 10:21 1584 Barometr
Поделиться в:
ok

Facebook компаниясы кийинки аптада атын өзгөртөт. Бул тууралуу Verge порталы жеке булагына таянып маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

“Facebook кийинки аптада өзүнүн  “мета аалам” деген багытын чагылдырыш үчүн атын өзгөртүүнү пландап жатат”,-деп айтылат маалыматта.  

“Facebook”тун башчысы Марк Цукерберг “мета аалам” долбоору чыгармачылык кесиптин ээлеринин мүмкүндүктөрүн кеңейтет деп эсептейт.

Цукерберг бул тууралуу 28-октябрда боло турган Connect конфренциясында билдирүүнү пландап жатат.

“Мета аалам”- бул онлайн-дүйнө болмокчу, анда адамдар VR технологиясын көп колдонуу менен ойноп, иштеп жана виртуалдык дүйнөдө баарлаша алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/facebook-kompaniyasy-kijinki-aptada-atyn-zgrtt



Добавить комментарий