Ооруканадагы "жемкорлукка" күбө болгон адам, бул тууралуу ачык айтты

20 декабря 2018 18:37 2003 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Коррупция менен болгон күрөш акыркы учурда катуу тартип менен жүргүзүлүп келет. Буга карабай бир кылмыштын бети ачылса экинчиси пайда болууда. Мындай көрүнүшкө кейиген интернет колдонуучуларынын бири бүгүн ооруканалардагы жемкорлукка күбө болгонун социалдык баракчасы аркылуу жазып чыкты. 

Жарым саат мурун  №10-поликлиникада бир далилдин күбөсү болдум. Кайсыл кабинет экенин айтпай эле коеюн, жөнөкөй дарыгерлер менен медайымдардын жабыркап калышын каалабайм. Окуя төмөндөгүдөй болду. Кабинетке медайым кыз кирип (башка адамдар бар экенин көрүп турса да тажрыйбасыздыгынан) "шеф" оорукананы текшерүүгө комиссия келет экен, ошого 50 сомдон чогулткула деди деп айтып алды. Дарыгерлер уялып кызды акырын кабинеттен чыгарып жиберишти. Кийинчерек, каридордон чыгып баратып баягы кыздын ар бир кабинетке кирип кайра чыгып жатканын көрдүм...-деп жазган окуяга күбө болгон Акыл Түгөлбаев аттуу Facebook колдонуучу. 

Текшерүүгө келип акча чогулткан, коррупцияга малынган, элдин акча чогултмай адатынан качан арылары тууралуу интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышты. Айрымдары медайымдарды, жөнөкөй кызматкерлерди аяса, көптөрү кызматкерлер өздөрү да бул нерсеге күнөөлүү деген пикирлерин айтышты.


Ссылка: https://barometr.kg/facebook-koldonuuchusu-ooruukanadagy-zhemkorluktun-kbs-bolgonu-tuuraluu-zhazyp-chykty



Добавить комментарий