Facebook эмне үчүн глобалдык үзгүлтүккө учураганын маалымдады

5 октября 2021 10:42 1119 Barometr
Поделиться в:
ok

Facebook тармагындагы үзгүлтүккө маршрутизаторлордун конфигурациясынын туура эмес өзгөрүшү себеп болгонун инженерлер маалымдашты. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Facebook, Instagram жана WhatsApp тармагында болгон үзгүлтүккө комментарий берген компания колдонуучулардын маалыматы ачыкталган жок деп ишендирди.

Буга чейин Privacy Affairs интернет-басылмасы “социалдык тармактагы иштин токтоп калышынан улам Facebook 1,5 миллиард колдонуучунун маалыматын көмүскө базарга сатыкка койду”,- деп жазып чыккан.Негизинен маалыматтарга колдонуучунун аты-жөнү, электрондук даректери жана телефон нормелери кирет.

“Бизде колдонуучулардын маалыматтары иштин токтоп калышынан улам коркунучка кабылганы тууралуу далилдер жок”,-деп айтылат  Facebook тараткан маалыматта.

Буга чейин компаниянын башчысы Марк Цукерберг бул үзгүлтүк үчүн кечирим сурап, Facebook, Instagram, WhatsApp жана Messenger кайрадан иштей баштарын айткан.

Эскерте кетсек, аталган тармактар жана бир катар тикемелер кечээ, 4-октябрда жети саатка жакын иштебей калды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/facebook-emne-chn-globaldyk-zgltkk-uchuraganyn-maalymdady



Добавить комментарий