Facebook 2020-жылы Кыргызстанда 800дөн фейк аккаунттарды жапкан
Өткөн жылы Facebook Кыргызстанда манипуляция жана туура эмес маалымат таратуу менен иш алып барган 800дөн ашык фейк аккаунттарды жапты. Бул тууралуу Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумда Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, троллинг-фермалардын эң активдүү кези пандемиянын биринчи толкунунда жана парламенттик шайлоо менен президенттик шайлоонун учурунда болду.
“Айрым жасалма аккаунттар өз ара бир топ болуп байланышта болорун жана алар шайлоо маалында бир гана эмес бир нече саясий күчтөрдү колдоого алышканын аныктадык. Бул деген сөз бир эле троллинг-фермалар каржылоо алды жана бир нече талапкерлер менен партияларды пайдаланды деген маанини түшүндүрөт”,-деп айтты Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору.
Ссылка: https://barometr.kg/facebook-2020-zhyly-kyrgyzstanda-800dn-fejk-akkaunttardy-zhapkan
Добавить комментарий ×