Фабула гезити чыкпай калды. Ал депутат Рыскелди Момбековко таандык болчу
Кыргызстанда "Фабула" гезити 20-октябрдан тартып чыкпай калды. Мындай маалыматты гезиттин башкы редактору Тилек Рыскулов "Азаттыкка" ырастады.
Анын айтымында, "Фабула" гезити Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековго таандык болчу. Кийин Момбеков депутат болгондон кийин гезитти жамаатка таштап, ошондон тарта өз алдынча иштеп келгенин айтты.
Иштин токтошуна каржылык жактан кыйынчылыктар жаралып, басылмага жазылгандардын саны азайып кеткени себеп болду.
Тилек Рыскулов өз сөзүндө гезиттин жамааты заман талабына ылайык эми сайтка маалымат жазууга өтөөрүн кошумчалап: "Жакында гезиттин базасында жаңы сайт иштей баштайт" -деди
Эске салсак "Фабула" буга чейин бир жумада эки жолу чыгып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/fabula-geziti-chykpaj-kaldy-al-deputat-ryskeldi-mombekovko-taandyk-bolchu
Добавить комментарий ×