Эже-сиңдилер зордукчул атасын 40 ирет бычак менен сайып салышты

20 июня 2019 16:34 8121 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы учурда Россиянын интернет айдыңында эже-сиңди Хачатуряндарды кызуу талкуулап жатышат. Бул тууралуу bigpicture.ru кабарлады.

Тергөө комитети кыздарга Россиянын Кылмыш кодексинин 105-беренеси боюнча айып тагууда, тактап айтканда эже-сиңдилер 20 жылга чейин түрмөгө кесилет.

Кыздардын атасын өлтүрүшүнө анын дайыма моралдык жана физикалык жактан кылган кысымы менен, сексуалдык зомбулугу түрткү болгону процесс маалында айтылды. Бирок тергөө бул себептер кыздардын абак мөөнөтүн азайта албайт деп тапты.

Кыздарды интернет колдонуучулар #свободусестрамХачатурян деп ачкан флешмоб аркылуу колдоого алышууда.

Эскерте кетсек, 2018-жылы июль айында Москвада бизнесмен Михаил Хачатуряндын 40 жолу бычак менен сайылган сөөгү өзүнүн үйүнүн кире беришинде табылган.Кылмышка шектүү делип анын үч кызы кармалган, адегенде кыздар коргонуу иретинде атасына бычак сайышкан делип жаткан бирок, тергөөдө кыздар тиран атасынан кутулуш үчүн аны өлтүрүүгө атайлап даярданышканы белгилүү болду.

Эң эле жаманы ДНК экспертиза Хачатурян кыздарынын бири менен  дайыма сексуалдык байланышка барып жүргөнүн аныктады.

 Хачатуряндын үй-бүлөсү Москвага Молдовиядан 1997-жылы көчүп келишкен.Бир уул, үч кызы бар ишкердин аялды күйөөсүнүн кысымына чыдабай төркүндөрүнө кетип калган. Андан соң уулу качып кеткен. Үч кызы менен калган ишкер аларга катуу кысым көрсөтөм деп акыры ажал тапты.

Ссылка: https://barometr.kg/ezhe-sidiler-zordukchul-atasyn-40-iret-bychak-menen-sajyp-salyshty



Добавить комментарий