Европанын 12 алдыңкы футбол клубунан турган жаңы Суперлига түзүлдү
Европанын алдыңкы 12 клубу футбол боюнча Суперлига түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу 19-апрелде УЕФАнын сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Супрелигага британиялык «Манчестер Сити», «Манчестер Юнайтед», «Ливерпуль», «Тоттенхэм», «Челси» жана «Арсенал», испаниялык «Барселона», «Атлетико» жана «Реал», анан да итальялык «Милан», «Интер» жана «Ювентус» клубдары кирди.
Суперлиганын башчысы “Реалдын” президенти Флорентино Перес, турнирдин вице-президенти “Ювентустун” президенти Андреа Агнелли болгон. Суперлиганын алгачкы беттештери ушул жуманын ортосунда болору маалымдалды.
Буга чейин, Суперлига эки тайпадан турары маалымдалган. Ошондой эле, Суперлигага кошулгандан кийин ар бир клуб 350 миллион евродон алары айтылган.
Буга чейин, 18-апрелде Европа Футбол Ассоциациялары Бирлиги (УЕФА), Италиянын Футбол Федерациясы (FIGC), Испаниянын Падыша Футбол Федерациясы (RFEF) жана Англиянын Футбол Ассоциациясы (FA) Суперлиганы түзүү боюнча билдирүү таркаткан.
“Суперлигага кирген бардык клубдар жана оюнчулар Европадагы эл аралык деңгээлдеги башка мелдештерге катышууга тыюу салынат. Мындан тышкары, бул командалардын оюнчулары өздөрүнүн улуттук курама командалары менен да беттештерге чыга алышпайт", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/evropanyn-12-aldyky-futbol-klubunan-turgan-zhay-superliga-tzld
Добавить комментарий ×