Евразиялык медиафорумда маалыматтардын ачыкталып калышына байланыштуу тынчсыздануулар айтылды

27 май 2019 18:34 1104 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алматыда «Бүгүнкү аалам — чындык трансформациясы» деген аталыштагы XVI Евразиялык медиафорум өз ишин жыйынтыктагандыгы тууралуу Barometr.kg Алматыдагы корреспонденти билдирди.

Уюштуруу комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева форумдун катышуучуларын куттуктап, массмедианын өнүгүүсүндө мындай дискуссиялык аянттардын Орто Азияда гана эмес, бүтүндөй региондордо өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты. Анын белгилөөсүндө интернет, соцтармактардагы жана башка коммуникациялык сервистердеги кызуу талкуулар кадимки турмуш тартибин кескин өзгөрттү. Девайстардын, гаджеттердин жеткиликтүүлүгү жүз миңдеген адамдардын медиалык окуяларга жеке катышууга мүмкүнчүлүк ачты жана тармактык авторлор, блогерлер салттуу басылмалардын көрүнүктүү журналисттери менен теңтайлашып жатышат.

Казахстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин куттуктоо катын Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев окуп бергендиги да белгилүү болду.

Анда аталган медиафорумдун эл аралык жана регионалдык маселелердин тегерегиндеги актуалдуу темаларды талкууга алары айтылып, башында 200 катышуучу болсо, азыркы тапта ал дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 7.5 миң өкүлдү чогултууга жетишкендиги белгиленет.

Ошондой эле дүйнөлүк коомчулукта маалыматтардын ачыкталып кетишине байланыштуу тынчсыздануулар болуп жаткандыгы, шайлоолордо жана саясий процесстерде санариптик технологиялардын колдонулушу менен саясатка болгон кийлигишүүлөр активдүү талкууланып жаткандыгы айтылат.

Президент Токаевдин билдирүүсүндө атайын институттар интернеттин жана соцтармактардын таасирине, анын ичинде өсүп келе жаткан муунга тынчызданып жаткандыгы дагы белгиленип, мындай көйгөйлөр медиакоомчулугунда активдүү изилдениши керектиги жазылган.

Армениянын Президенти Армен Саркисян белгилегендей, бүгүнкү күндө медиа — жаңылык же маалыматты берүү гана эмес, биздин жашоонун бир бөлүгү болуп калды.

«Ар бирибиз виртуалдык дүйнөдө көп убакытты өткөрөбүз. Бул дүйнө улам барган сайын биз жашаган чындыкка көбүрөөк таасир эте баштады. Биз 20 жылдан кийин боло турган биздин ааламга даяр турушубуз керек», — дейт Армен Саркисян.

Ссылка: https://barometr.kg/evraziyalyk-mediaforumda-maalymattardyn-achyktalyp-kalyshyna-bajlanyshtuu-tynchsyzdanuular-ajtyldy



Добавить комментарий