Урмат Усенов маданият министринин жардамчысы болуп дайындалды
Жакында эстрада ырчысы Урмат Усенов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бирок, азырынча дайындоо боюнча буйрукка кол коюла элек. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине министирликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, Урмат Усеновдун айлык акысы 15 130 сомду түзөт. Штатта толук жумуш күнү иш кылат. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Урмат Усеновду өз көз карашы бар адис катары, өзүнө кеңешчи кылып алганы тууралуу маалымат берген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Урмат Усенов 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоого аттанарын жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/estrada-yrchysy-madaniyat-minisrinin-zhardamchysy-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×