Эскертүү! Бүгүн WhatsApp айрым смартфондордо иштебейт
Поделиться в:
Бүгүн, 1-февралда WhatsApp мессенджери айрым смартфондордо иштебей калат.
Мессенджердин сайтындагы маалыматка караганда, өзгөрүүлөр Android 2.3.7, iOS 7 жана андан жогорку операциялык системаларда болот.
Ал эми операциялык системасы Nokia S40 аппараттарында тиркеме өткөн жылдын 31-декабрынан бери иштебей калган.
Буга кошумча, WhatsApp тиркемесинин десктоптук версиясынын колдонуучулары мындан ары тиркемеден чыкпай туруп YouTube, Facebook жана Instagram баракчаларындагы видеолорду көрө алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/eskert-bgn-whatsapp-ajrym-smartfondordo-ishtebejt
Добавить комментарий ×