Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуу жолу

4 марта 2019 08:31 1742 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгер сиз оң кол менен иш кылсаңыз, тишиңизди сол кол менен жууңуз, ал эми эгер сологой болсоңуз, оң кол менен жууңуз. Ошондо сиздин  мээңиздин экинчи жарымы жакшы иштеп, эсте сактоо менен ойлоо жөндөмүңүз жакшыра түшөт.

Дүкөнгө барарда ала турган заттарыңыздын тизмегин кагазга эмес, эсиңизге сактаңыз. Антпесе, 60 жашка карай дүкөнгө барганда жагдайыңыз кыйындай баштайт.

Ар бир фильмди көргөн сайын башынан соңуна чейинки  кадрларды ой тизмегинен өткөрүңүз. Бул көнүгүүгө 20 секундуңуз кетет, деген менен, натыйжасы керемет.

Күн сайын түрдүү адабий чыгармаларды окуп отуруңуз. Аз дегенде жумасына 1 китеп. Ошондо 1 жылда -52 китеп, 10 жылда 520 китеп окуган болосуз!

Эгер сизге чыны менен эске сактоо жөндөмүн жакшырткыңыз келсе, күндө бир ыр жаттап отуруңуз, анда жумасына 1 ыр, жылына 52 ыр.

Тамагыңыздын курамында жер жаңгак, бал, деңиз капустасы болсун, салмагыңызды бир калпта сактоого аракет кылыңыз. Ар дайым кыймыл-аракетте болуңуз!

Дагы да айта кете турчу нерсе, далайларды таңкалдырган керемет эске сактоо жөндөмгө ээ болгуңуз келсе, анда тамекиден баш тартыңыз! Сүйүүңүз! Ошондо кандагы азот оксиди иретке келип, зыян тарткан тамырларды жакшыртып, мээңиз тез жумуш иштей баштайт!

Ссылка: https://barometr.kg/eske-saktoo-zhndmn-zhakshyrtuu-zholu



Добавить комментарий