Эсиңиздеби Австрия орус элчисин артка кайтарганы? Эми Москва австриялык дипломатты өз өлкөсүнөн чыгарды
Поделиться в:
Австрия орус элчисин экономикалык тыңчылыкка шек санап, өлкөдөн чыгарган. Буга Орусиянын Тышкы иштер министирлиги жооп кайтарарын жазганбыз. Эми орус тарап дагы австриялык дипломатты "персона нон грата" деп жарыялап өз өлкөсүнөн чыгарды. Бул тууралуу орус басылмаларына шилтеме берип «Барометр» которду.
Эскерте кетсек, Россиялык дипломатты 24-августта Вена артка кайтарган. Мунун себебин да расмий жарыялаган эмес.
"Kronen Zeitung" басылмасы элчини көп жылдар бою технологиялык компаниянын ишине тыңчы катары байкоо салып жүргөн деп Венадан чыгарылгандыгын жазды.
Орус тарап Австриядагы элчинин чыгарылышын эки өлкөнүн мамилесине доо кетирген окуя катары баалап келет.
Добавить комментарий ×