Эс тутумду кантип жакшыртуу керек?

22 февраля 2022 10:24 3433 Barometr
Поделиться в:
ok

Башка дене мүчөлөрү сыяктуу эле мээни дагы убагы менен машыктыруу керек. Жаш куракка шылтабаш  керек, эгер татыктуу аракеттерди кылса, 80 жашта дагы эске тутуу ойдогудой мыкты деңгээлде болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

1. Өзүңүзгө норматив коюуңуз,  күнүнө 10 тааныш эмес сөздөрдү эстеп алууга аракети кылыңыз: чет тилиндеги сөздөр же атайын терминдер;

2. Чет тилдерин үйрөнүүнү баштаңыз, гүл өстүрүү курстарына, арт дизайн же унаа айдаганга күбөлүгүңүз жок болсо айдоочулук курска бараңыз;

3. Эгерде сиз сологой босоңуз, күнүмдүк жасаган аракеттериңизди оң кол менен  жасаңыз, жана тескерисинче оң кол менен жасап жүрсөңүз сол кол менен жасаганга аракет кылыңыз. Мындай ыкма менен сиз баш мээнин кийинки карама-каршы жарым шарын иштеткен болосуз дагы, жаңы нейрондук байланышты тууралайсыз.

4. Шериктештүү эс тутумун машыктуруу керек, кээ бир буюмдарды число менен  айкалыштарганга аракет кылыңыз, жыттыр менен же ар кандай үндөр менен ж.б.у.с.

5. Дүкөнгө барып соода кылардын алдында, жазып алган тизмени  үйгө таштап салыңыз, бардыгын болушунча эстеп калып, пландалган нерселериңизди калтырбастан сатып келүүгө өзүңүздү тууралаңыз. Эгерде үйгө келгенде бир нерсеңиз жетпей калса эч нерсе эмес, кийинкисинде ала келесиз.

6. Күнүгө уктаар алдында аба ырайына карабастан, жаанга -карга карабай, күн ачыкпы, бүркөкпү, токтолбостон  30-40 мүнөттөн сейилдөөгө чыгыңыз. Үйүңүздө итиңиз болсо –бул эң идеалдуу вариант. Ит менен эртен менен болобу же кечиндеби сейилдөөнү адат кылыңыз. Итинизди жетелеңиз дагы сейилдөөгө шашылыңыз.  Бул сейилдөө мээге оң таасирин берет дагы, сизге жаңы  жаңылыктарды, жаңы сезимдерди алып келип, стрессти жоготот. Ал эми сейилдөөдөн кийин  үйгө барып эч нерсени билбестен керемет уйкуга киресиз.

Ссылка: https://barometr.kg/es-tutumdu-kantip-zhakshyrtuu-kerek



Добавить комментарий