Эс алуучу жайларга аш-тойлордуу өткөрүүгө тыюу салынып, көзөмөл күчөдү

18 августа 2020 18:03 2394 Barometr
Поделиться в:
ok

Аш-тойлорго катуу тыюу салынат. Бул тууралуу өкмттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Санитардык коопсуздук чаралардын аткарылышын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү, анын ичинде көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынган.

Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде белгиленгендей, тармактык кызматтар кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайлар боюнча рейддерди өткөрүүдө.

 Кубатбек Боронов акыркы убакта ар-кыл майрамдарды өткөрүү фактылары көбөйүп жаткандыгын белгилеп, бул багыттагы иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.

«Жалпысынан алганда, республика боюнча оорунун кыскарып жаткандыгы менен, айрым райондордо дагы эле оорулуулардын саны жогору бойдон калууда. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен санитардык чараларды сактоо, анын ичинде массалык үй-бүлөлүк иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча жетишсиз иш алып барып жаткандыгын далилдейт. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Акыркы учурда жергиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоңдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеш керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизги милдет - ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», - деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүү тартибин өзгөртүү маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле медициналык багыттагы объекттердин курулуш иштерин тездетүү тапшырмасы берилди

Ссылка: https://barometr.kg/es-aluuchu-zhajlarda-sanitardyk-talaptardyn-saktalyshyn-kzmlg-aluu-kchtld



Добавить комментарий